• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улан Исраиловдун кошумча кирешесинде «жашыруун» белги турат

3 Бештин айы 2018 17:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.11.2018. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү тууралуу жыйынды маалыматтарды өзүнүн расмий сайтына жарыялай баштады.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, мурдагы ички иштер министри Улан Исраилов 2017-жылы 682 миң 801 сом киреше тапкан. Ошондой эле, өзүнүн жана жакынкы туугандарынында дагы кыймылсыз мүлкү жок.
Ал эми 2016-жылы мамлекеттик кызматта иштеп турганда 78 миң сом гана киреше болгон, анткени ал кызматка жылдын аягында келген. “Кошумча киреше” бөлүмүндө, “жашыруун” деген белги турат. Азыркы учурда кошумча чыгашалары көрсөтүлгөн эмес.
Булак: «Fakt. kg»
Количество просмотров: 30