• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Улан Ниязбеков: Түркия элчилигин өзүм карап чыккам

7 Теке 202116:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев ички иштер министри Улан Ниязбековго «Инанды жоголгон учурда элчиликтин имаратын текшердиңерби?» деп суроо салды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Орхан Инандыга байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен аталган мекемеде жолукканын билдирди. Министр элчиликтин имаратын милиция текшерүүгө укугу жок экенин белгилеп, бирок ичин карап чыкканын айтты.

“Элчиси менен жолугуп, кеңсесинде бул маселени талкуулаганбыз. Мен ал жерди текшерсем мыйзамсыз иш кылган болмокмун. Бирок, өзүм ичин карап чыккам”, — деди министр.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту.

Количество просмотров: 146