Улан Примов: “Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине жаңы салынган үйлөрүндө жашоого уруксат берилбей жатат”

22

Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Жалал-Абад шаарында Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине деп курулган кабаттуу үйлөргө жашаганга уруксат берилбей жатканын айтты.

“Бизге Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан кайрылуу келип түштү. Кайрылгандардын айтымында, ЖАМКтын кызматкерлерине деп Жалал-Абад шаарына 2 көп кабаттуу үй курулган. Бирок кызматкерлер үй бүтсө да кирип жашай албай жатышат. Себеби тиешелүү орган “ошол үйлөр Аэропорттун аймагына курулган” деген мыйзам бузуу таап, жашоочуларга уруксат бербей жатат. Кимдин уруксаты менен ал жерге үй курууга уруксат берилген? Эмне үчүн үй курулуп бүткүчө мыйзам бузуу болуп жатканын айтып, башка жайдан жер беришкен эмес? Бул боюнча тиешелүү адамдарга чара көрүлүшү керек”, – деди эл өкүлү.

ПОДЕЛИТЬСЯ