• Жума 9 Кулжа 2023
  • Пятница 9 Июнь 2023

Улан Примов, ЖК депутаты: “ТЭЦ модернизациясындагы каржы боюнча көп суроолор бар»

8 мая 2018 в 20:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08. 05. 2018. Govori.TV
“Бишкек ТЭЦинин модернизациясы бул абдан манилүү, пайдалуу долбоор болгон. Бирок, каржы боюнча көп суроолор бар”. Бул сөздү Бишкек ТЭЦинин авариясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутндусун чыгарган соң депкомиссиянын төрагасы, эл өкүлү Улан Примов айтты.
“Комиссия бир добуштан корутундуга кол койду, ТЭЦтеги авария жана модернизация боюнча эки башка иликтөө кылып, жыйынтыгында бир корутунду чыгардык. Жоопкерчилигин кароо боюнча көп чиновниктер кирди. Модернизация боюнча акча уурдалганбы, жокпу, эми тергөө гана аныктайт”,-деди ал.
Анын айтымында, буга чейин өзгөчө пикири бар депутаттардын сунуштары толугу менен канааттандырылган.
Количество просмотров: 8