• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Уланбек Эгизбаев чындыктын символу болчу! Дамирбек Асылбек уулу камакта калтырылды. Соңку жаңылыктар 24.07.18.  

24 Теке 2018 14:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV

Уланбек Эгизбаев чындыктын символу болчу!
Уланбек Эгизбаев чындыктын символу болчу, ал келе жатканда саясатчылар качып турчу деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кочкордо маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда айтты. Улан дагы жашаганда коомду тазартмак. Адилеттүү, таза коом түзүш үчүн Уландай адам керек эле. Улан микрофонун көтөрүп Ак үйгө киргенде саясатчылар залдан качып жөнөшчү. Туш келди кабинетке кирип, ага үч мүнөттүк интервью берүүдөн качып турушчу. Анткени Улан чындыктын, акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн символу болчу. «Азаттыктын» эн мыкты журналисти Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кеткен.
Дамирбек Асылбек уулу камакта калды 
Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун камакта калтыруу боюнча баш коргоо чарасы 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, мындай чечимди Алматы шаардык соту чыгарган.Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири — Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат
Унаа кырсыгынан 24 жаштагы жаран каза болду
Өзгөн районунун Жазы айылындагы унаа кырсыктан 24 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.Маалыматка караганда, кырсыктын улам алган жаракаттарынын кесепетинен Кызыл-Дыйкан айылынын 1994-жылы туулган тургуну мерт кетти. Анын 1994-жылы туулган айылдашы ар кандай жаракаттары менен райондук ооруканага жеткирилди. Учурда аталган кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 17