• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатууга экс-президент жана Жогоку Кеңештин депутаттары барды

24 Теке 2018 15:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV
Бүгүн, 24-июлда Кочкордун Көк-Жар айылында «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына экс-президент Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Уланбек Эгизбаевди тааныгандар катышты.


Белгилей кетсек, Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кетти.
Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. «Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган.

https://www.youtube.com/watch?v=SWruTUAlluw&feature=share

 

Количество просмотров: 8