• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды

12 Бирдин айы 2021 17:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 12-февралда Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Сыйлык быйыл журналисттик мыкты иликтөөлөргө үчүнчү ирет берилүүдө. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук ишмерлер, саясатчылар, медиа уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышып жатат.

Жеңүүчүлөр:

  • 1-орун журналисттер Адиль Турдукулов менен Булат Сатаркуловдун «Коррупцияга малынган Бишкектин гүл бактары» аталышындагы иликтөөсүнө ыйгарылды.
  • 2-орун Kloop Media басылмасынынын «Коррупция шакеги» иликтөөсүнө тапшырылды.
  • 3-орун Иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров «Райымбек Матраимовдун бажы империясы» деп аталган иликтөөсү үчүн берилди.

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө — 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо бүгүн 31 жашка чыкмак.

Уюм негиздеген «Уланбек Эгизбаев атындагы» сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү — 12-февралда мыкты иликтөөчү журналистке ыйгарылып келет. Бул жылы сынакка катышуу үчүн 40 журналисттик иликтөө келип түшкөн.

Количество просмотров: 262