• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Улукбек Кочкоров: 70 000 сомдон пособие берилүүдө деген маалымат жалган

6 Бештин айы 2018 12:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1991-2018-жылдар арасында иштегендерге 70 000 сом жөлөк пул берип жатат деген маалымат жалган. Бул маалыматты аталган мекеменин жетекчиси Улукбек Кочкоров тастыктады.
«Кечээтен тарта ар  кандай фейк аккаунт аркылуу WhatsApp каналында маалымат тарап, аны эл бири-бирине активдүү түрдө жөнөтө баштаганынан улам тиешелүү чара көрүү аракети болуп жатат», -деди Кочкоров.
Аталган министрлик элди буга ишенбөөгө жана маалыматты бири-бирине таратпоого чакырды.
Количество просмотров: 18