• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Улукбек Кочкоровду эмнеге кызматтан алганын айтты

2 Жетинин айы 2020 18:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-ноябрда Баткенде болгон эл менен жолугушуу учурунда Садыр Жапаров мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтан алынуусу тууралуу сөз кылды.

Тургундардын бири Улукбек Кочкоров өзүн министр катары жакшы көрсөткөнү менен, эмне үчүн жумушсуз калды деп сурады.

«Улукбек Кочкоров өзүнүн билими жана багыты боюнча УКМКда иштеши керек эле. Биздин планда аны УКМКга алып кетип, ордуна аял кишини дайындайлы дегенбиз. Бирок ал өтпөй калды. Бүгүнкү күндө Улукбек Кочкоров иштеп жатат (Жапаров Кочкоровдун кайда иштеп жатканын так айткан жок). Биз анын жумушсуз калышын каалабайбыз, мындай кадрлар бизге керек», — деди Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 24489