• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дебатта Адахан Мадумаров менен Улукбек Кочкоров кайым айтышты

2 Тогуздун айы 2020 21:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-октябрда Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) саясий партияларды баштап бараткандар катышкан негизги дебаттар уланды. Телетаймашка «Мекенчил», «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», «Чоң Казат», «Бүтүн Кыргызстан», «Биримдик», «Замандаш» саясий партияларынын лидерлери катышууда.

Дебаттын катышуучуларына берилген алгачкы суроо «Биримдик» саясий партиясынан келген  Улукбек Кочкоров менен «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровду кайым айтыштырды.

Адахан Мадумаров: «Булар 2 аптадан бери эле ушундай ойду айта баштады. Биз болсо он жылдан бери эле айтып жүрөбүз, биздин партия позициясын эч качан алмаштырган эмес. Бүгүн айдан түшкөндөй болуп Конституцияны өзгөртүш керек экен, бир кишиге жоопкерчиликти жүктөш керек экен деп жатышат. Он жылга чейин башкарып келишти го, эч нерсеге карабай, эми өлкө туңгуюкка келгенде чапанын алмаштырып, бири «Биримдик» деп, дагы бири бир нерсе деп беттерине чүмбөттөнүп алгандардан сак болгула. Партиянын накта жетекчилери жашырынбастан келсе жакшы болмок».

Кочкоров: «Адахан Кимсанбаевич, азыр сиз Социал-Демократтар деп мага доомат коюп жатасыз. Менин ага тиешем жок, ал партиядан качып кеткендер силерде деп жатасыз, ошол эле Курсан Асанов жана башкалар сиздердин партияда. Биздин партия жеке адамдын партиясы эмес, ал каалаган адамын алып, чыгара албайт. Ар бир аймакта өкүлдөр бар, жалпылап чечим кабыл алабыз».

Мадумаров: КСДПдан качкандын баары силерде.

Кочкоров: Андай качкындар силерде да бар.




Количество просмотров: 549