• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Премьер-министрди, сизди жоопко тартуу керек. Ташиев менен Кочкоров уруша кетти

2 Тогуздун айы 2020 23:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-октябрдагы теледебатта «Мекенчилдин» лидери Камчыбек Ташиев менен «Биримдиктин» талапкери Улукбек Кочкоров уруша кетти. Анда Ташиев берилген суроолорду «Биримдик» партиясы алдын ала билген окшойт деп шек санады.

Ташиев: Сиз министр болуп турдуңуз. Пандемияда менин бир тууган агам каза болду. Силер жакшы иштеп, дары менен камсыз кылганыңарда, алар тирүү калмак. Биз силерди кунөөлөшүбүз керек. Премьер-министрди, сизди жоопко тартуу керек.

Кочкоров: Мен премьер-министр же финансы министри эмесмин. Ошол пандемияда менин да 3-4 тууганым каза болду. Ким күнөөлүү болсо, жоопко тартабыз.

Ташиев: Мамлекеттик башкарууну түшүнбөгөндөр дедиңиз. Мен министр болуп турганда сиз кичине бала болчусуз. Ошондуктан сиз менден көп билишиңиз мүмкүн эмес.

Кочкоров: Көп болсо менден 4 жашка улуусуз. Сиз министр болуп турганда, мен бөлүм башчысы болчумун.

Белгилейкетсек, бүгүнкү дебатка «Замандаш», «Биримдик», «Бүтүн Кыргызстан», «Ооган согушунун ардагерлери» жана «Чоң Казат», «Мекенчил» партияларынан катышты.

Количество просмотров: 560