Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду», — деп айтылат маалыматта.