Бишкек 10.05.18 Govori.tv
Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов депутаттык комиссия түзгөн ТЭЦТи модернизациялоодо күнөөлүүлөрдун тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев билдирди.
«Улукбек Марипов болгон документтердин баардыгын өзү алып келип көргөзүп кетти. Ал убагында Жогорку Кеңешке жана Коопсуздук кеңешине кат жазган экен. Анын көчүрмөлөрүн көрдүк. Ошондуктан жоопкерчиликтүү адамдардын тизмесинен Улукбек Марипов чыгарылды дейт,-Аалы Карашев.