Тажик генерал-майорунун кызматтан кетишин талап кылуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.
«Тажик тараптын позициясы жумшак айтылып калды. Себеби, көчөдө жүргөн киши айтса бир жөн эле. Биринчиден расмий маалымат жыйынында айтылып жатат, экинчиси биздин чек арадагы облустун Ички иштер бөлүмүнүн башчысы, генерал болгондуктан бул өтө кооптуу сөздөр. Бул боюнча биздин өкмөт жана ТИМ иш-чараларды көрүп, мындай абалдарды болтурбоого аракет кылуусу керек», — деди Ормонов.