• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Улуттук банкта валюта рыногундагы абал талкууланды 

17 Бирдин айы 2023 12:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте күн мурун Улуттук банктын жетекчилиги менен коммерциялык банктардын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Улуттук банктан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө ички валюта рыногундагы учурдагы абал талкууланды. Катышуучулар дүйнөдө болуп жаткан геосаясий кырдаалга байланыштуу түзүлгөн тобокелдиктер жана анын өлкөнүн финансы рыногуна тийгизип жаткан таасирлери тууралуу пикирлерин ортого салышты.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары З. Чокоев азыркы учурда ички валюта рыногунда жагдай, атап айтканда, Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн финансы рынокторунда орун алып турган белгисиздиктин таасири астында жана импорттолуп алынуучу товарлар үчүн төлөгөн өлкөнүн чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан чет өлкө валютасына болгон жогорку суроо-талапты шарттаган сезондук факторлордун таасири астында өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Улуттук банк өлкөдө узак мөөнөттүү мезгил аралыгында макроэкономикалык туруктуулукту сактоого багытталган валюта саясатын жүргүзүү ишин улантып жаткандыгын белгиледи. Алсак, чет өлкө валютасына суроо-талап жогорулагандыгына байланыштуу, Улуттук банк 2023-жылдын 13 жана 15-февралында тиешелүүлүгүнө жараша, 40,22 жана 35,60 млн. АКШ доллары суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча валюталык интервенцияларды өткөргөн. Чет өлкө валютасына курстун кескин өсүшүн текшилөө максатында 2023-жылдын башталышынан тартып 15-февралына чейин Улуттук банк 227,17 млн АКШ доллары суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча төрт интервенция өткөргөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банктын жетекчилиги тышкы экономикалык ишти кошо жүргүзгөн чарба субъекттерин эсептешүү-кассалык тейлөөнү үзгүлтүксүз камсыз кылууну коммерциялык банктардан талап кылды. Ошондой эле, банктардын кардарлар алдында төлөмдөрдү өз убагында жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелери милдеттүү түрдө аткарылышы зарылдыгы дагы баса белгиленди.

Улуттук банк коммерциялык банктардын ишине туруктуу негизде пландан тышкары (рейд түрүндө) жана пландуу инспектордук текшерүүлөрдү улантат. Бузууларга жол берүүлөр аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонот.

Улуттук банк валюта рыногундагы жагдайды туруктуу негизде байкоого алып контролдоп турат, зарылчылыгына жараша өлкөнүн банктык жана төлөм системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун андан ары камсыз кылуу үчүн чараларды колдонот.

Маалымат үчүн:

2023-жылдын башталышынан тартып Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын жана алардын бөлүмдөрүнө (филиалдарына жана сактык кассаларына) 27 максаттуу текшерүү жүргүзүлгөн, алардын натыйжасында Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана кардарларды банктык тейлөө сапатын жакшыртуу жагында сунуш-көрсөтмөлөрдү милдеттүү түрдө сактоо зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөр жана жазма буйруктар берилген.

Мындан тышкары, 2023-жылдын башынан тартып алмашуу бюролоруна 79 инспектордук текшерүү, ошондой эле Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүшкөн адамдарга 18 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн натыйжасында алмашуу бюролоруна жазма буйруктар жөнөтүлүп, 22 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулган. 5 алмашуу бюросуна 55 миң сом суммасында (жалпы суммасы 275 миң сомду түзөт), ошондой эле 16 адамга 17, 5 миң сом (жалпы суммасы 280 миң сомду түзөт) суммасында айып пул салынган.

Количество просмотров: 124