Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев Улуттук банктын эмгек жамаатына жаңы төрага Кубанычбек Бөкөнтаевди тааныштырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Касымалиев банктын иш жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып жатып, алдыдагы иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, Кубанычбек Бөкөнтаевге ийгилик каалады.
Өз кезегинде Бөкөнтаев Жогорку Кеңешке көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жалпы жамаат менен алгылыктуу иш алып барыларына үмүт артты.