Бүгүн болжол менен саат 12лер чамасында Токтогул Сатылганов атындагы филармониядан өрт чыкты.
ӨКМнин маалыматына караганда жалпы 5 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Ошондой эле ИИМден 25 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, тазалык ишканасынан 1 водовоз тартылганын жана Жеринде министр Нурболот Мирзахмедов көзөмөлдөп жүргөнүн басма-сөз кызматы кошумчалады. Азырынча тилсиз жоо чыгуу себептери азырынча билине элек.