• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Улуттук филармонияда эми артисттер жууна алат

27 Бугу 2019 12:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Кыргыз улуттук филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов жалпы журналисттерге маданий мекеменин оңдоп-түзөө иштеринен кийинки абалы менен тааныштырды.

Белгилүү болгондой, реставрациялоого жалпысынан мамлекеттен 55 млн 420 миң сом каражат бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштерине бир жарым ай убакыт сарпталган.

Андан тышкары, 1138 көрүүчүлөр отурган орундук, 16 грим бөлмө, чатыры жана сахнасы ичиндеги декарациясынан тартып, баардыгы толугу менен жаңыртылып 36 көзөмөлдөөчү видео камера орнотулган.

«Биз көрүүчүлөргө театралдык аураны түзгөнгө аракет кылдык. Буюрса оңдоп-түзөө иштеринин 90% бүттү десек болот. 1-июндан тартып толук кандуу ишке кирет»,-деп билдирди аталган мекеменин жетекчиси.

Белгилей кетсек, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония 1980-жылы ишке берилип,акыркы жолу 2007-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 13