Бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевге Улуттук госпиталда болуп жаткан кырдаал тууралуу суроо узатылды. Анда пневмониядан каза болгон жарандар болуп жатканын, бирок ал коронавирус эмес экени, ал эми коомчулукта туура эмес пикирлер тарап жатканы тууралуу айтылат.
Ал эми Каратаев жооп берип, пневмониядан каза болгон жарандардын анализинен коронавирус табылбаганын белгиледи.