• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Улуттук гвардиянын жоокерлери ант берди

6 Жетинин айы 2022 16:34 Бишкек Govori.TV

КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө 200дөн ашуун жаш жоокер ант берди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Үч жуманын ичинде жоокерлер Улуттук гвардиянын тажрыйбалуу офицерлери жана сержанттарынын жетекчилиги астында жаш жоокерлер курсунун алкагында күчөтүлгөн программасын өтүштү. Анда күн тартибин жана Жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык, саптык жана дене тарбия даярдыгынын негиздерин өздөштүрүп, өздөрүн мындан аркы аскердик милдеттерди аткарууга даярдашты.

Салтанаттуу иш-чарага КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, жоокерлердин бир туугандары жана жакындары жана аскер кызматынын ардагерлери гвардиянын генерал-полковниги А.Чотбаев, генерал-майор А.Алымкожоев жана Республикалык жоокерлер энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө курал менен көрсөтүү көнүгүүлөр жана майрамдык концерт уюштурулду. Азем жаш Мекен коргоочулардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Количество просмотров: 143