• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Улуттук гвардиянын жоокерлери офицерлер тарабынан сабалды

17 Баш оона 2020 14:27 Бишкек Govori.TV

Улуттук гвардиянын жоокерлери офицерлер тарабынан сабалды. Маалыматты Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ырастаганын «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын июль айында болгон. Чатакка Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн биринин эки офицери жана келишимдик негизде иштеген эки кызматкер аралашкан.

«Ички иликтөө учурунда жети жоокер 16-июлдан 21-июлга чейинки аралыкта сабалганы белгилүү болгон. Анда жоокерлердин саламаттыгына анча көп доо кеткен эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилип, учурда иликтөө уланып жатканы белгилүү болду.

Количество просмотров: 212