Жакында Улуттук Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары жайлоо бала бакчаларына барышты. Алар балдарга кесиптин түрлөрүн боюнча маалымат берип, ар кесиптин өзгөчөлүгүнө токтолушту.
“Мен ар дайым балдарга кубаныч тартуулагым келет. Себеби азыркы кээ бир жаштардын өзүлөрүн пассивдүү алып жүрүшкөнү капа кылаар эле. Ошондуктан, балалык позитивдүү эмоцияларга толсо, коомдо жакшы таасир берген муун тарбияланабы дейм. Бул оюмду ишке ашыруу максатында жайлоо бала бакчаларына бардым. Жайлоо бала бакчасынан абдан шыктанып келдим ”, -деди ыктыярчы Эдил Молдоев.
Мындан сырткары тышкары Улуттук Кызыл Ай коому беш Жайлоо өнүгүү борборлорун балдардын окуусуна керектүү куралдар менен камсыз кылды. Жайлоо өнүгүү борборлорун уюштуруу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан өнөктөштөр менен бирге ишке ашууда. Бүгүнкү күндө жалпысынан 102 жайлоо бала бакчасы иш алып барууда.