• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бекер костюм тигилет

16 Чын куран 2019 10:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бекер кийим тигип беришет. Бул тууралуу соц тармактардан “Биздин Жеңиш” издөө кыймылынын төрайымы Светлана Лаптева билдирди.

“Биздин фирмада Президенттин, министрлердин кийип жүргөн костюмдары тигилген. Ардагерлерге бекер костюм тигип берүүнү чечтик. Костюм тигээрдин алдында өлчөп келүү үчүн эки адам жибердим. Алар атайын өлчөп, чактап келишти. Эркектерге костюм, аялдарга жакет тигилет”,-дейт Лаптева.

Тигүүчүлөр эки өңдөгү классика жана жаш модельди сунуш кылышты. Ар бир ардагерден кайсы өң жагарын сурап чыгышкан. Эки жакетти башка тигүүчү компания белек кылды.

“Аялдардын дароо эле манайлары көтөрүлүп, сүйүнүп калышты. Эми кийинки өлчөөнү чыдамсыздык менен күтөбүз”,-дейт издөө кыймылынын төрайымы.

Лаптеванын башка тигүүчүлөр да колдойт деген ишеними бар.

Количество просмотров: 47