• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Улуу көчмөндөр мурасы” ижарага алган кеңсе Абылгазиевге таандыкпы?

4 Теке 2022 13:23 Бишкек Govori.TV

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы мамлекетке караштуу «Учкун» ишканасынан чыгып, шаардын чок ортосундагы кымбат баалуу жеке менчик кеңсеге көчкөн. Холдиндин жаңы кеңсеси Бишкек шаарынын Панфилов 178 дарегинде жайгашкан. Ал жалпы аянты 5000 чарчы метрди түзгөн «А» классындагы кеңсе.

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин чок ортосунан 5000 чарчы метр кеңсени ижарага алуу жалпы жонунан 120 миң долларга айланарын айтып, ушунча ижара акы алып жаткан имараттын кожоюну ким экенине кызыгышууда.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 21-январында мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Кийин УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашырганын билдирип, Абылгазиевге таандык мүлктөрдү жарыялаган. Алардын арасынан жогоруда сөз болуп жаткан имаратты дагы көрүүгө болот.

Бул имарат бүгүнкү күндө кимге таандык экендиги тууралуу ачык булактардан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Кошумчалай кетсек, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 50 миллион сом төлөп абактан чыккан. Ал тергөө аяктаганча үй камагында болот.

Количество просмотров: 2431