• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мыйзамсыз баюу. УКМК Абылгазиевге таандык делген мүлктөрдү жарыялады (сүрөт)

27 Үчтүн айы 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Мыйзамсыз баюу фактысына байланыштуу экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирет.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бүгүн, 27-январда кабарлады.

УКМКнын маалыматына караганда, Абылгазиев премьер-министр болуп турганда, мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон.

Ага ылайык, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүнгөн. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган. Анын ичинде бир нече мөңгү жана корголуучу аймактар бар.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Абылгазиев мындан тышкары, мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашырган. Аны мыйзамдаштыруу максатында, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган.

Ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул мүлктөр башкалардын атына катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 26-январда Абылгазиев кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жүрүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда бул мүлктөр Абылгазиевге тийиштүү:

Количество просмотров: 18970