• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинги жоюлат

5 Бештин айы 2022 22:04 Бишкек Govori.TV

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААК жоюлат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

«Холдинг жоюлат. Акча жумшалды, долбоорлор жазылды, албетте, эч ким жоопко тартылбайт», — деп жазган ал.

Эске салсак, “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги өткөн жылдын аягында түзүлгөн. Ал кезде холдингдин жетекчиси болуп Теңиз Бөлтүрүк дайындалган. Кийинчерээк холдинг тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканы маалымдалган.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бөлтүрүк тышкы башкаруучу болуп турган «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура кылмыш иштерин козгогон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, компания мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирген.

Иштин алкагында Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүктү, ошондой эле бир катар жооптуу кызматкерлерин адамдарын кармады. Теңгиз Бөлтүрүк өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

Холдингге бөлүнгөн 3,4 миллиард сом бюджетке кайтарылган.

Количество просмотров: 505