• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна ким депутат болот?

18 Баш оона 2021 10:55 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Умбеталы Кыдыралиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга анын өзүнүн жазган арызы негиз болгон.

ЖКнын депутаты Кыдыралиевдин күбөлүгү жараксыз деп табылды. Партиянын тизмесине ылайык, Жогорку Кеңешке «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат болуп Авазбек Абдугапаров келиши мүмкүн.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев буга чейин “Кыргызалтындын” башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Ал өкмөттүн уруксаты менен, Мамлекеттик мүлк фондунун чечими менен дайындалган.

Количество просмотров: 287