Бишкек. 11.12.2017 Govori.Tv
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 38-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
“11-декабрь күнү саат 13-35 те № 21-отряддын куткаруучулары Токмок шаарына жакын жайгашкан “Рахат” кафесине барышып, көлмөгө тушүп кеткен “Тойота Авенсис” (мамлекеттик номуру В 52 94 AU ) автоунаасын чыгарышты. Унаанын ичинде төрт адамдын жансыз денеси бар болгон. Учурда маркумдардын оздүгү такталууда деп жазылат ӨКМ тараткан маалыматта.