• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Унаа айдап качууга шектүү 18 жаштагы бала кармалды

4 Чын куран 2024 10:51 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыяда жол тандабасты айдап качууга шектүү 18 жаштагы бала кармалды.

Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургуну 30-март күнү таңга маал короосуна токтотуп койгон «Лексус-330» маркасындагы автоунаасын белгисиз жаран айдап качып кеткендигин билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге каттоого алынып, КР Кылмыш жаза-кодексинин «Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурдалган унаа 31-март күнү Ноокат районунун Көк-Жар айылынын ээн талаасынан табылган. Ал эми автоунааны таштап изин жашырып кеткен жаранды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 18 жаштагы мурда соттолгон П.Ж.аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 65