• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Унаа башкарып бара жаткан айдоочу жүрөгү кармап каза болду

7 Тогуздун айы 2019 18:14 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында автоунаа башкарып бара жаткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-октябрда саат 10:30да Ош шаарынын 1960-жылы туулган тургуну С.А. өзүнүн «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, кокусунан жүрөк оорусу кармап калган. Натыйжада айдоочу жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзүп, окуя болгон жерден каза тапкан.

Катталган кырсык боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Количество просмотров: 212