• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Унаа» мекемеси жарандарга кайрылды

22 Жалган куран 2023 11:47 Бишкек Govori.TV

«Урматтуу унаа ээлери, бүгүнкү күндө мамлекеттик мекеменин бөлүмдөрүндө техникалык себептерден улам убактылуу токтоп калуулар уланууда». Мындай билдирүүнү аталган мекеменин басма сөз кызматы тартты.

Маалыматка ылайык, убактылуу токтоп калуу транспорт каражаттарын каттоо системасындагы үзгүлтүктөр менен байланыштуу.

«Учурда үзгүлтүктөрдүн себептерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын билдиребиз. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, жарандар «Унаа» ММнын бөлүмдөрүнүн иши боюнча маалымат алуу үчүн 0312 63 31 74, 0312 63 20 71 телефондоруна кайрылса болот.

Количество просмотров: 625