• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Унаа оңдоочу жайда өрт чыгып, бир адам жабыркады

17 Баш оона 2021 10:13 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа оңдоочу жайынын 432 чарчы метр аянты жана беш даана унаа толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 24 жаштагы А.Р. колунан 1-даражадагы жеңил жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан жеринде медициналык жардам көргөзүлгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 193