• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Унаа оңдоочу жайда өрт чыгып, эки спринтер күйүп кетти

27 Теке 20229:46 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Сокулук районунун Эркин-Тоо конушунда жайгашкан унаа оңдоочу жайда өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, унаа оңдоочу жайдын 80 чарчы метри, ичиндеги шаймандары жана Mercedes-Benz спринтер үлгүсүндөгү эки унаа толук күйүп кеткен.

Жерине бир бөлүм тартылып, саат 20:39да өрт толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес/

Количество просмотров: 154