Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Бүгүн 10-январь күнү саат 11:02де Тоң районуна караштуу Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында унааларды ташуучу чоң автоунаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ал жерге Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт чектөөгө алынып, 12:14тө толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.