Акыркы мезгилде Бишкек шаарындагы негизги көйгөйлөрдүн бири бул тыгын маселеси болду. Аны жоюу боюнча бир катар талаш-талкуулар жаралып, түрдүү пикирлер, сунуштар айтылып келет. Ал эми Бишкек мэриясы унаа тыгындарын азайтуу максатында бир катар иштерди алып барууда. Алардын бири катары мэрия унаа токтотуучу жайлардын төлөмүн сааттына алууну сунуш кылууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын долбоорлоо-техникалык даярдоо жана техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Азамат Осмоналиевдин айтымында унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү аракеттери активдүү жүрүүдө.
«Шаардын борборуна жакындаган аймактарда унаа токтотуучу жайлардын төлөмүн сааттык кылып алмашытуу боюнча долбоордун үстундө иш алып баруудабыз. Азыр акы төлөнүүчү жайлар бар, 25 сом төлөм эртеден кечке чейин турат. Чектөө убатысы жок. Ошону убактысы менен кылсакпы деп жатабыз. Бул долбоор ишке кирип калса, мисалы соода борборлордун жанында соодагерлер унаасын эртең менен коюп кечинде алып кетет да, а соода кылууга келген адамдарга орун жок. Эгер акы төлөөнү саатына кылып койсок алар эртеден кечке койбойт беле деген ойдобуз да», — дейт Осмоналиев.