Бишкекте унаа уурдоого шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрда 1996-жылы туулган Ж.О. атуу жаран милицияга кайрылган. Анда Эркиндик бульвары менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам «Субару Аутбек» унаасын уурдап кеткендигин билдирген.
«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө автоунааны А.Ф. аттуу жаран белгисиз тарапка айдап кеткенин аныкташкан. Кыз кармалып, Свердлов РИИББдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.