• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Унаа жардан кулап, бир адам каза болду

26 Теке 2023 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош унаа жолунун 402-чакырымында BYD үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жардан кулап кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

“Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Толук маалымат кийинчерээк берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркап, 1 аял жеринде каза болгон, аты-жөнү такталууда.

Количество просмотров: 166