• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Унаада аялына кол көтөргөн судьяга эскертүү берилди

23 Бештин айы 2021 18:46 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов тууралуу коомдук тармактарда тараган тасманын чоо-жайын Жогорку соттун жетекчилиги териштирди. Жыйынтыгында «судья кынтыксыз болушу керек» деген эскертүү берди.

Маалыматка ылайык, Кылычбек Истамкулов аялына кол көтөрүүгө үй-бүлөлүк пикир келишпестик себеп болгонун түшүндүргөн.

«Жубайы жаңы жылга байланыштуу отуруштан кийин кызуу абалында автоунааны айдаганы жатканда, Истамкулов аны токтотуунун аракетин көргөн учурун бейтааныш адамдар тымызын тартып алып, социалдык тармактарга таркатышкан. Кылычбек Истамкуловдун жубайы бул окуяда жасаган аракеттери туура эмес экенин түшүнүп, пикир келишпестик жоюлганын ырастады», — деп жазылган Ош облустук соттун маалыматында.

Буга чейин автоунаада аялын урган киши тартылган видео интернетке тарап, ал судья Истамкулов экени айтылган. Ош шаардык милициясы окуя Кылмыштар жана жоруктар реестрине катталганын ырастады.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 309