• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Унаага сүйрөтүлгөн баланын апасы жогорку билимдүү болуп чыкты

2 Бугу 201915:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.05.2019.Govori.TV

Бүгүнкү күндө коомдун талкуусуна түшкөн  9 жаштагы баланын энеси Россияда тил жаатында  мугалим болуп эмгектенип, жакынкы күндөрү баласын жанына алып кетүү үчүн, тийиштүү документтерди чогултуп жатканын “Балдарды коргоо” лигасынын башчысы Назгул Турдубекова Govori.TV маалымат агенттигине билдирди.

“ Апасы баланын билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүптүр, өспүрүм менен сүйлөшкөнүбүздө анын  билимге болгон умтулуусун жана зиректигин байкай алдык”-деди Н. Турдубекова

Белгилей кетсек, баланын апасы  6 жашка толгонго чейин жанында болуп, 2018-жылдын күз айында чет жерге иштегени кеткен.

Количество просмотров: 15