• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Унааларды мыйзамсыз алып келүү: Кыргыз, казак жарандары кармалды

28 Баш оона 202118:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын аймагына оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып жаткан адамдар кармалды. Алар Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-августта.

«27-августта «Чоң-Капка — унаа жолу» өткөрмө пунктунан Кыргызстандын мамлекеттик номуру тагылган «Toyota Estima» үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылып жаткан адамдар кармалган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп айтылат расмий маалыматта.

Шектүүлөр Н.С. (Кыргызстандын жараны), С.Т. жана М.Х. (Казакстандын жарандары) убактылуу камакка алынды. Алардын шериктерин, ошондой эле бул ишке аралашкан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 144