Баткен жолунда унаанын ылдамдыгын 240 менен айдап бара жаткандар кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-январда саат 11:30 чамасында Ош-Баткен-Разаков жолунун 161-чакырымында орун алган.
Видеотасмада байкалгандай мерседес-бенс үлгүсүндөгү унаанын ичинде бара жаткан эки жигит ылдамдыгын саатына 240та кетип жаткандыгын айтып, өз ара тамашалашып баратышып кырсыкка кабылганы көрүнөт.
Унааны башкаралбай калган айдоочу кырсык болгон жерден жан бергени, ал эми жанындагысы ооруканада узаганы айтылат.