Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV
Бүгүн, Бишкек—Ош унаа жолунун 307-чакырымында«Мицубиси Делика» үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу «Мерседес-814» унаасынын алдына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен үч киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, жеңил унаанын ичиндеги 5 киши Чаткал районунун тургундары болушкан.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жеңил унаанын айдоочусу уктап кетип, оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Анын кесепетинен 3 киши каза болуп, дагы 2 жаран ооруканага жеткирилди.