• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Унаасы бүктөлүп калыптыр… Бишкекте түркүктү сүзгөн айдоочу каза болду

16 Чын куран 201910:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Аламүдүн районундагы Ленин айылында автокырсык болуп рулдагы адам каза тапканын окуяга күбө болгон адам билдирди.

Окуя 16-апрелде болжол менен саат 01:30дар чамасында Ленин районундагы май куюучу жайдан алыс эмес жерде болгон. Кадрдан автокөлүк түркүккө капталдап келип тийип, эки бүктөлүп калганы көрүнүп турат.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнөн кырсыктын болгонун тастыкташты. Nissan Cefiro жолдун боюндагы түркүктү сүзүп, ошол жерден адам өмүрү кыйылган.

видео sputnik.kg

Автоинспекторлор окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк толук маалымат берерин айтышты.

Факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Булак: sputnik.kg

Количество просмотров: 12