• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Унаасын таштап качкан айдоочуну, инспектор жашынган жеринен сууруп чыкты

20 Аяк оона 2018 14:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
Бүгүн, 20-сентябрда Мамлекеттик салык кызматы, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери,  журналисттер менен биргеликте рейдке чыгышты.
Текшерүү учурунда ар түрдүү кырдаалдар болду. Токтотулган  унаалардын ээлеринин кээ бирлери авто салыгын төлөгөн эмес.
Рейд Бишкек шаарынын баардык райондорунда жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда инспектор кызматкерлери авто унааларды токтотуп, документтерин текшерип, салыкты төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөктү көрсөтүүнү талап кылып жатышты.
Iexus үлгүсүндөгү, B 4071 AF номериндеги унаанын айдоочусу, унаасын токтотуп, качып кетүүгө дагы жетишти. Айдоочуну инспекторлор, жашынган жеринен таап чыгып, унаа токтотуучу жайга алып кетти. Кармалган жаран маалымат берүүдөн дагы баш тартып, эч кандай тиешелүү документтердин жанында жок экенин моюндады. Ал бул учурду документтеринин үйүндө калып кеткендиги менен түшүндүрдү.
 Мындай текшерүү күн сайын ушул тартипте эрте менен саат 8:00дөн кечки 18:00гө жүргүзүлөт.
Эсерте кетсек, бул процесс жаңы жылга чейин улантылмакчы.

Количество просмотров: 8