• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Унаасына баңгизат сактаган жаран кылтакка түштү

15 Тогуздун айы 202417:52 Бишкек Govori.TV


Баңгизат кылмышына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй ОИИБнин кызматкерлери менен Панфилов РИИБинин кызматкерлери 9-октябрда борбор калаанын Аска-Таш конушунда Жайылма-Набережная көчөлөрүнүн кесилишинен «Хонда Фит» унаасын токтотушкан . Унаада 33 жаштагы Д.Х. болгон. Аны тинтүү учурунда гезит жана скотчко оролгон баштык табылган. Ичинен жалпы салмагы 237,60 граммды түзгөн 25 брикет гашиш табылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 342