• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Унаасынын багажында өлүк болгон. Кармалган жаран кишинин этин жеп жүргөнүн мойнуна алды

22 Жетинин айы 2021 16:55 Бишкек Govori.TV

Ленинградда жол кырсыгына учураган унаанын ачылып кеткен багажынан башы жок адамдын денеси кулап түшкөн. Бул тууралуу Газета.ру басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жолдо эки унаа кагышып кеткен.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсыктан кийин бир нече адам унаадан чуркап чыгып, токойго кирип кеткен. Кийин окуя болгон жерди кароо учурунда унаанын багажынан эки күрөк, аркан жана баштыктар табылган.

Полиция кырсыктын бардык катышуучуларын кармады. Укук коргоо органдары кармалгандар адам өлтүрүүгө эле эмес, башка кылмыштарга да катыштыгы болушу мүмкүн экенин кабарлашкан.

Ал эми кармалгандардын бири 50 жаштагы Егор Комаров кишинин этин жеп жүргөнүн айткан. Сурак учурунда ал бул биринчи жолкусу эмес экенин ошондой эле буга чейин да кишинин этин жеп келгенин айткан. Ошондой эле ал Сосновкада адамды өлтүргөнүнө өкүнүп калганын билдирген. “Эмнеге?” деген тергөөчүнүн суроосуна “Анын эти даамсыз экен” — деп жооп берген.

Учурда камакка алынган үчөөнө тең соттук териштирүү иши жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 39328