• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Унжу-Булак жергесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу

5 Кулжа 20219:42 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Чоң-Алай районуна карашту Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал бүгүн саат 09:00го карата салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, жаңжал катталган жок. «Абалды жөнгө салуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

КР УКМК Чек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.

Количество просмотров: 74