• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Уран кенин иштетип баштаган компаниясынын лицензиясы алына элек

25 Чын куран 201922:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

Уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан «Юр Азия Кыргызстан» компаниясынын лицензиясы алына элек. Бул тууралуу компаниянын өкүлү билдирди.

Маалыматта вице-премьер-министр аталган компаниянын лицензиясын алып салганы тууралуу билдирүү жасаганы менен, өкмөт расмий түрдө компанияны кабарлаган эмес.

Эскерте кетсек, 25-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп «Юр Азия Кыргызстан» компаниясынын лицензиясы кайтарылып алынганын билдирген. Бирок расмий документтер көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан бул маалымат коомчулукта күмөн ойлорду жаратты.

Количество просмотров: 20