Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Кече Балыкчыда башталган уранга каршы митинг бүгүн Бишкекте Горький гүлбагында уланып жатат.
Балыкчыда 2 миңге жакын адам чогулуп митингге чыгышкан. Катышуучулар Балыкчы автобекетине жөө жүрүш уюштурушкан. Маалыматка таянсак Балыкчы шаардык соту жөө жүрүшкө тыюу салып, митинг өткөрүүгө уруксат берген.
Бирок, митингдин айрым катышуучулары Бишкекке келе турган унаалар менен борборду көздөй бет алышканын билдиришкен.
Азыркы учурда митинг Горький гулбагында“Уран маселеси түбөлүк жабылсын”, “Уран эмне экенин биздин балдар билбесин”. “Уранга мораторий киргизилсин” деген уран менен өтүп жатат.