Үгүт иштери учурунда шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 78 факты катталды. Бултууралуу бүгүн, 30-мартта Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.
«78 фактынын ичинен 21и кылмыш, 15и жорук, төртөө бузуу фактысы жана 38и электрондук журналга киргизилип, териштирүү иши жүрүүдө. Бузуулар боюнча 4 иш “Бузуулардын бирдиктүү реестрине” катталып, тийиштүү чараларды көрүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөн”, — деди ал.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт.